"Омикрон" жуктурган кош бойлуу аялдын көтөрүлгөн дене табы 8 кооптуулукту шарттайт

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кош бойлуу аялдардын дене табынын 38-39,5 градуска жогорулашына жол бербөө керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" штаммын жуктуруп алган аялдардын дене табынын көтөрүлүшү түйүлдүк үчүн кооптуу. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматта кош бойлуу аялдын дене табынын 38-39,5 градуска жогорулашына жол бербөө керектиги белгиленген.
"Дарыгерлер үчүнчү триместрде аялдын температурасы 37,5-38 градуска жеткенде гана күрөшүүнү сунушташууда", — деп айтылат маалыматта.
Жогорку дене табы төмөнкү кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн:
бойдон түшүп калуу;
түйүлдүктүн өспөй калуусу;
кандын илешкектиги артып, кош бойлуу аялдын жүрөгүнө күч келет;
аялдын өзүнүн жана түйүлдүктүн клеткаларынын курулуш материалы болгон белок синтезин токтотот;
тондун абалына терс таасир этүү;
мөөнөтүнөн мурда төрөлүү;
борбордук нерв системасынын өнүгүшүнө жана төрөлө элек баланын акыл-эс жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет;
түйүлдүктүн башка органдарынын өсүшүнүн бузулушу.
Кош бойлуулук учурунда температуранын жогорулашы коркунучтуу, анткени бул мезгилде аны түшүрүүчү каражаттарды тандоо чектелген. Ошондуктан болочок эне өзгөчө кылдаттык менен ден соолугуна көз салып, алдын алуу чараларын (бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин эмдөөдөн өтүү) сактоосу керек.
Радио
Акымбаева: пестициддер кош бойлуу, эмизген энелер үчүн кооптуу