Климаттын өзгөрүшү боюнча жакшы кабар бар. Окумуштуулардын соңку иликтөөсү

Климаттык миңден ашык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы адам баласы экологиялык кризис менен баары бир күрөшө аларын көрсөткөн, адистер бирок аны менен токтоп калбаш керектигин эскертүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Адам баласынын жоопкерчиликтүү бөлүгүнүн түн уйкусун бузуп, ойго салган климаттык өзгөрүүгө байланыштуу апокалипсис эми кооптуулук жаратпайт. Бул туурасында National Geographic Environmental Research Letters жасаган изилдөөлөргө таянып жазды.
Бөлүнүп чыккан парник газдарынын негизинде окумуштуулар климаттык өзгөрүүгө байланыштуу 1 311 изилдөө жүргүзгөн. Алардын арасында 100-500 сценарий акыркы 15 жылдагы маалыматтарга тиешелүү болгон. Эгерде азыркы тенденциялар сакталып, өлкөлөр климат боюнча алган милдеттенмелерин аткарса, бул варианттардын андан ары өнүгүшү мүмкүн экени айтылган.
"Биз абайлашыбыз керек. Мурдагы айтылгандарга караганда, дүйнөнүн азыркы абалы боюнча алынган маалыматтар жакшы кабар болуп саналат", — деген экологиялык изилдөөлөр боюнча профессор, жүргүзүлүп жаткан иштердин автору Роджер Пилке.
Анткен менен адистердин айтымында, абал келечекте жакшы жакка да, жаман жакка да өзгөрүп кетиши мүмкүн. Андыктан адамзат планетанын экологиясына абайлап мамиле жасап, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган өндүрүштү кыскартышы абзел.
Жерде жашоого мүмкүн болбой бара жатат. Окумуштуулар коңгуроо кагууда