Кишини аптыктырган кышкы кооздук. Японияда тартылган видео

Бир караган адам Япониянын тоолорундагы кар каптаган сөлөкөттөрдү ажыратып тааный албайт. Ал эми асмандан тартылган видео ажайып кооздукту алаканга салгандай кылып көз алдыга тартуулаган.
Sputnik
Чет элдик туристтер менен жаратылышты жакшы көргөн жергиликтүү япондор көз айырбай карай турган бул жер — Дзао курорту. Ал Ямагата префектурасында жайгашкан.
Дрондон тартылган видеодон тоо борунда өскөн карагай, балаты, дарактардын аппак карга оронуп, муз болуп катып калганын көрүүгө болот. Маалыматта бул кышкы жомокко каалоочулар бир нече ай ичинде гана күбө болору айтылган. Тагыраагы, январь-март айында баргандар жаратылыштын өзгөчө чеберчилик менен жасап койгон кереметин көрө алат. Ал эми калган айлары жылуу аба ырайы өзүнүн өкүмүн жүргүзүп, жомоктогу кар түш сымал жок болот.