Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украиналык аскерлер Луганскидеги эл жашаган төрт аймакка ок чыгарды

Лещенко эл аралык байкоочуларды Украинанын Аскер күчтөрү атып жаткан фактыларды каттап жана кан төгүүнүн алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Украиналык аскерлер бүгүн эртең менен Луганск Эл Республикасынын аймагын Минск келишиминде тыюу салынган минометтер менен төрт ирет аткылагандыгын аталган республиканын Согушту токтотуу тартибин координациялап жана көзөмөлдөгөн бирдиктүү борбордун өкүлчүлүгүнөн айтып беришкен. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Украинанын куралданган топтору Минск келишиминде колдонууга болбой турганы айтылган куралдарды пайдаланып, согушту токтотуу тартибин одоно бузду", — деп билдирген аталган борбордун офицери.
Анын айтымында, украиналык аскерлер Бишкек убактысы менен саат 8:30дардан тарта аталган аймакты төрт ирет миномет, гранатомет жана ири калибрлүү пулемет менен аткылап баштаган.
Андан сырткары, Донбасс менен чектешкен аймактарда абал курчугандыгын Луганскинин Элдик милиция башкармалыгынын жетекчиси Ян Лещенко айтып берген.
"Акыркы суткада аскерлер турган жерлер менен чектешкен аймактарда абал бир топ курчуду. Киевдин аскердик-саясий жетекчилигинин берген көрсөтмөсү боюнча каршы тарап чатакты ырбатууга аракет кылып жатат", — деген Лещенко.
Ал эл аралык байкоочуларды Украинанын Аскер күчтөрү атып жаткан фактыларды каттап жана кан төгүүнүн алдын алуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
2020-жылдын жай айында Донбасста кепке келишүүнү камсыздоо боюнча кошумча чаралар киргизилген. Анда ок чыгарууга, эл жашаган аймактарга жана аларга жакын жерге курал жайгаштырууга, чабуул коюучу жана чалгындоочу-диверсиялык кадамдарга тыюу салынган. Мындан сырткары, согуш отун токтотуу эрежесин бузган тарапка карата дисциплинардык жоопкерчиликти тарттыруу каралган. Кагылышууну токтотуу жана аны колдогон чаралар туурасындагы буйруктар чатак толугу менен жөнгө салынганга чейин күчүндө болуп турушу керек.
Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин, 2014-жылы февралда, өз алдынча аймактык эркиндигин жарыялаган Луганск жана Донецк республикаларына карата украина бийлиги 2014-жылдын апрелинде аскердик операциясын баштаган. БУУнун акыркы маалыматтарына таянсак, 13 миңге чукул адам курман болуп, 44 миңге жакын киши жарадар болгон. Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу конктактылык топтордун жолугушуусунда талкууланып жатат. Анткен менен кепке келүү макулдашуусунан кийин атышуулар уланууда, Донецкиде украин тарап эл жашаган райондорду оор артиллериялык курал менен аткылап жаткандыгын айтышты.
Москва Киев бул мезгилдери Минск макулдашуусунда айтылган нерселерди аткарбай, чатакты жөнгө салууну создуктуруп келгендигин айтып келет. Россия ТИМинен Киевдин Донбасска өздөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн жарымын жибергендигин билдиришти. Москва НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн аскердик техникаларын россиялык чек ара тилкелерине жакын алып келингендигине, ага кошумча, Донбасста Батыш инструкторлорунун көбөйүп жатканына түйшөлгөндүгүн белгиледи.
Маалыматта Батыш өлкөлөрү Украинага аскердик колдоосун көрсөтүп, Донбасста колдонуу үчүн курал берип жатканы айтылды.
Мамдума Донецк жана Луганск республикаларын таануу долбооруна добуш берди