Чоң-Алай районуна өзгөчө макам берүү демилгеленди

Чоң-Алай шарты катаал, жетүүгө алыс зонага кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ош облусунун Чоң-Алай районуна өзгөч макам берүүнү демилгеледи.
Аталган район чек аралаш жайгашкандыктан өзгөчө макам берүү керектиги белгиленүүдө.
Ошондой эле ал Чоң-Алай шарты катаал, жетүүгө алыс зонага кирерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин чек аралаш аймакта жайгашканын эске алуу менен Баткен облусуна өзгөчө макам берилген.
Президент Жапаров Баткенге көрсөтүлө турган колдоо боюнча маалымат алды