БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ишемби, 19-февралда, "ЗиЛ" тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү "Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуу өлкөсү — 2022" кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти билдирди.
Иш-чаранын максаты — Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу. Анын алкагында лыжа сүйүүчүлөрүнүн таймашы өтүп, музыкалык программа менен коштолот.
Фестиваль саат 11:00дө башталат. Кирүү акысыз. Туризм департаментинин маалыматына караганда, топтолгон каражат калктын аялуу катмарына берилет.
Фестивалды Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, өкмөттүн алдындагы бизнес менен инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгы, Эл аралык ишкерлик кеңеши, Жөө туризм бирикмеси, "Рука в руке" коомдук бирикмеси, "Элим, барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду, "ЗиЛ" тоо лыжа базасы жана башкалар уюштурууда.