Бишкекте жеке клиника жайгашкан дагы бир имарат министрликке кайтарылат

Министр Алымкадыр Бейшеналиев № 2 клиникалык көп тармактуу ооруканасында жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун "Көз микрохирургиясы" клиникасы менен келишим токтотулганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте жеке медициналык клиника жайгашкан дагы бир имарат Саламаттык сактоо министрлигине кайтарылат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев № 2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, коронавирус инфекциясы менен жабыркаган бейтаптарга даярдалып жаткан орундарды көргөн. Ал жакта Алмазбек Исманкуловдун "Көз микрохирургиясы" клиникасы да жайгашкан.
"Министр клиниканын ижара келишими мэрия тарабынан токтотулганын белгилеп, кыска убакытта "кызыл" зонанын койкаларын алып келип, соматикалык оорусу бар бейтаптарды кабыл алган негизги имаратты даярдоону тапшырды", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Бейшеналиев Бишкек шаардык мэриясы № 2 төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан КАМЕК көп тармактуу клиникасы менен ижара келишими токтотулганын билдирген.
Сабырбек Жумабеков: президент мага жана кесиптештериме куугунтук болбойт деди
Министр Бейшеналиев жабылат деген 17 медициналык окуу жайдын тизмеси