Депутат Лурова: башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүүнү күчөтүш керек

Эл өкүлү калкынын 90 пайызын дунган улутунун өкүлдөрү түзгөн Александровка айылынын мисалында маселе көтөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда азчылыкты түзгөн улуттун өкүлдөрү жашаган аймактардагы мектептерде кыргыз тилин окутууну күчөтүш керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова
"Москва районунун Александровка айылында жашаган калктын дээрлик 90 пайызы — дунган улутундагылар. Ушул айылдын эле мисалында айтып кетейин. Мектептерде кыргыз тилин окутууну күчөтүш керек болууда. Кыргыз тилин үйрөтүүгө көбүрөөк күч жумшоо зарыл. Негизи эле башка улуттун өкүлдөрү жашаган айылдарда күчөтүү керек", — деди Лурова.
Мындан сырткары, ал бир окуучунун күнүмдүк тамактануусуна бөлүнүп жаткан жети сом жетишсиз экенин айтып, суммасын көбөйтүү керектигин да кошумчалады.
Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасы катары киргизүүнү сунуштады