Радио

Кубатов: өлкөдөгү бийик үч чокуну багындыргандар "Кыргыз илбирс" наамын алат

Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Кыргызстандагы эң бийик үч чокуну багындырган альпинисттер "Кыргыз илбирс" улуттук наамын аларын айтты.
Sputnik
Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы кыргыз тоолорун таанытуу, бул тармакты өнүктүрүү максатында Жеңиш, Хан-Теңир жана Ленин чокусуна чыккандарга улуттук наам берүү долбоору даярдалууда. Бул тууралуу Эдуард Кубатов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай кадам жергиликтүү жарандарды гана эмес, чет өлкөлүк альпинисттерди да кызыктырат.
"Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы бул жылдын алкагында эки ири улуттук долбоорду ишке ашыруу алдында турат. Кыргызстандагы эң биийик Жеңиш, Хан-Теңир жана Ленин чокусун багындырган альпинисттерге эми "Кыргыз илбирс" улуттук наамы ыйгарылат. Мындай демилге бул тармактын өнүгүшүнө, жергиликтүү жана чет өлкөлүк альпинисттерди тартууга өбөлгө түзөт. Экинчи долбоор — Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу альпинисттер курама командасы Гималайга экспедицияга барат", — деди Кубатов.
Ошондой эле адис альпинизм тармагында коопсуздукту жакшыртуу үчүн КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте иш жүрө тургандыгын кошумчалады.