Афганистан... Талибдерге чейинки жана алар келгенден кийинки 7 сүрөт

Жарым жылга жакын мезгилден бери Афганистанды "Талибан"* башкарып келе жатат. Ал террордук ишмердүүлүгү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясында. Жаңы бийликтин келиши менен Кабулдун көчөлөрүндө эмнелер өзгөргөндүгүн сүрөт менен баяндап беребиз.
Sputnik
Өйдөңкү сүрөттөр талибандарга чейинки, төмөнкүсү алар башкара баштагандан кийин тартылган сүрөт.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм
1 / 7

Кабулдагы сулуулук салондордун сыртына чапталган жакшынакай сүрөттөр жоголду

2 / 7

Афганистан мамлекеттик тууну алмаштыруу боюнча рекорд жараткан өлкө. Желек 1709-2021-жыл арасында 25 ирет алмашкан.

3 / 7

Жогорку кадр 2021-жылдын 18-августунда тартылган. Андан аял кишинин жүзүн чийгилеп, ал тургай өрттөп салганын көрүүгө болот. Бул Кабулдагы бийлик кулагандан үч күндөн кийин болгон көрүнүш.

4 / 7

Кабулдагы көңүл ачуу паркынын көрүнүшү

5 / 7

Аялдардын сүрөтүнөн "ажыраган" дагы бир сулуулук салону

6 / 7

Бардык флагштоктор азыркыга чейин бош турат

7 / 7

Монументтен 20 жылдай мурда террорчулардын колунан каза тапкан антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун сүрөтүн алып салышкан