Радио

Ниязалиев: БУУ Бишкекте жашыл транспортту өнүктүрүүнү ишке ашырат

БУУнун Өнүктүрүү программасынын энергетика боюнча эксперти Уларбек Ниязалиев коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу, электромобилдердин санын көбөйтүү боюнча иштер биринчи каралышы керектигин айтты.
Sputnik
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы Бишкекте жашыл транспортту жайылтуу долбоорун 2025-жылга чейин ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Уларбек Ниязалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек, Ош шаарларында жашыл транспортко өтүү боюнча көйгөйлөрдү адистер аныктап, анализ жүргүзүп жатат.
"Экология маселесине келгенде дүйнө эли кооптонуп турат. Кыргызстан да мындан артта калбай экологияны коргоо, зыянды азайтуу боюнча болгон аракетин көрүшү абзел. Биздин өлкө кичинекей болгондуктан убагында чара көрүлбөсө кесепети тиет. Өлкөнүн экономикалык, социалдык абалын эске алып, туура кадамдарды таштоо зарыл. Биз Париж келишимине кол коюп, өзүбүзгө чоң жоопкерчилик алып отурабыз. Анын алкагында республикада жашыл транспортту өнүктүрүү иштери маанилүү орунда турушу керек. Электромобилдерди көбөйтүү менен эле чектелбестен, жалпы транспорттук сектордун абалын оңдоого аракеттер көрүлөт. Алсак, БУУнун Өнүктүрүү программасы Бишкекте жашыл транспортту жайылтуу долбоорун 2025-жылга чейин ишке ашырууну пландап жатат. Учурда көйгөйлөрдү аныктоо, аны чечүү жолдору каралууда", — деди Ниязалиев.
Ошондой эле адис парник газдарынын чыгындысын 2025-жылга чейин 16 пайызга, 2030-жылга чейин 32 пайызга кыскартуу пландалганын кошумчалады.