Айымдар, түндө телефон чалбаңыздар. Жапаров депутаттарга кайрылуу жасады. Видео

Өкмөт башчы 2010-жылдан бери телефон номерин өзгөртө электигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага кайрылып жаткан депутаттарга шартын түшүндүрдү.
Ал ошондой эле депутаттарга тандалма мамиле жасабай турганын, алар менен 30 жылдан бери чогуу иштешип келе жатканын белгиледи.
"Алды балдарыңыздар менен иштеше баштадык, арты менин баламдай болгон кишилер экенсиздер. Ошондуктан парламент менен күндүр-түндүр иштешкенге даярмын. Мен 2010-жылдан бери телефон номеримди өзгөртө элекмин. WhatsApp мессенджеринен үн билдирүү жөнөтүп койсоңуздар багымдаттан кийин бир саат сиздер менен маектеше берем. Болбосо кечинде саат 11-12ден кийин байланышыңыздар. Эми айымдар, чалмай жок, калганыңыздар чала берсеңиздер болот. Чогуу иштешкенген даярмын", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал 2022-жылга бекитилген консолидацияланган бюджеттин көлөмү 400 миллиард сом экенин эскертти. Эгер аны 365 күнгө бөлсө, күнүнө 1,1 миллиард, 10 саат иштесе саатына 110 миллион сомдон табышы керектигин айтып, ошондуктан кайсы бир себептер менен депутаттар чакырган убакта жүгүрүп келбей калса капа болбоого чакырды.
Жапаров министр, эки банктын жетекчисин иштен аларын айтып, бир шарт койду