Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасы катары киргизүүнү сунуштады

Депутат салттуу кийимдерди мектепке киргизүүнү VI чакырылыштан бери көтөрүп келе жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Окуучуларга жаш курагына жараша түрдүү калпак кийгизүү талабын киргизүү керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билим берүү жана илим министрлигине талапкер Алмазбек Бейшеналиевге сунуштады.
"Биринчи класстарга комуз предметин, мектептерге Манас идеологиясын киргизүү керек. Мындан сырткары, башталгыч класстарга бир түстөгү, андан кийинкилерге дагы бир түрлүү, чоң класстарга өзүнчө түстүү калпак кийгизүүнү сунуштайм. Себеби ар бир мектепте форма талап кылынат. Ак калпагыбызды даңазалоо, ата-бабалардан калган салттуу кийимдерди мектепке киргизүүнү VI чакырылыштан бери көтөрүп келе жатам", — деди Икрамов.
Ошондой эле ал министр кызматына талапкер ушул демилгени киргизип берсе жакшы болмоктугун белгиледи.
Бакчадагыдай. Бишкектин үч мектебине окуучулар бут кийимин чечип кирет