БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Red Centre соода борборуна бомба коюлганы боюнча жалган маалымат тараткан киши аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 31-январында соода борбордун кызматкерлеринин биринин абоненттик номерине бомба коюлганы боюнча билдирүү келип түшкөн.
"Издөө иш-чараларынын жыйынтыгында анонимдүү билдирүү жөнөткөн киши өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон, Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин бириндеги З.Д.К. экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча УКМК тарабынан материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып тергөө жүрүп жатат. Келтирилген материалдык зыян такталууда.
Азыркы учурда УКМК Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте тыюу салынган буюмдарды табуу үчүн түзөтүү мекемелеринде издөө иш-чараларын жүргүзүүнү пландады.