Милиция Кыргызстан боюнча ири рейддерди өткөрөт

Рейд учурунда уурулукту алдын алуу, кылмыштуу топторду аныктоо иштери жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы өлкөнүн бардык аймактарында “Ууру” аталышындагы ири рейддик иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Буга тартылган ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаты толук эсептелип чыккан.
1 / 4

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы өлкөнүн бардык аймактарында “Ууру” аталышындагы ири рейддик иш-чараларды өткөрөт

2 / 4

Буга тартылган ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаты толук эсептелип чыккан

3 / 4

Рейддин максаты — кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук жасаган кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу

4 / 4

Андан сырткары, уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди табуу иштери жүргүзүлөт.

Рейддин максаты — кылмыштарды алдын алуу, криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук жасаган кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу. Андан сырткары, уурдалган мүлктөрдү сатуу менен алектенгендерди табуу иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле кылмыштуу кол салуудан коргоонун ыкмалары жана жолдору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Рейд бир нече күнгө созулат.
Камактагы ууру акчаны үйдүн кайсы жерине катпаш керектигин айтып берген