БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-жылы өтө турган Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 14-февралда башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, каттоо 6-апрелге чейин созулат. Абитуриент негизги тест үчүн 370, кошумча тандалган ар бир предмет үчүн 370 сомдон төлөшү керек. Төлөм жүргүзүлбөсө каттоо мүмкүн эмес.
"Бул жылы каттоо онлайн түрүндө өткөрүлөт. Орто мектепти же орто профессионалдык билим берүү мекемесин бүтүрүп жаткан абитуриенттер жеке баракчасын ачышы керек. Каттоонун онлайн бланкын толтуруу нускамасын окуган жердеги ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден алууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Өздүгүн тастыктаган документи же ЖРТга каттоосу жок абитуриенттер тестке киргизилбейт. Мектептин (колледждин, техникумдун бүтүрүүчү курсунун) 11-классынын окуучусу 16 жашка толо электигине байланыштуу паспорту жок болгон учурда, анын өздүгүн ырастоочу документ катары мектептен берилген окуучунун сүрөтү бар маалым каттын түп нускасы жана анын электрондук сүрөтү кабыл алынат.
ЖРТга каттоонун толук шарт-талабын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынан окуңуздар.