Коронавирустан үч киши көз жумуп, 43 бейтап оор абалда жатат. Соңку маалымат

Пандемиядан бери өлкөдө 200 миңден ашуун кишиден вирус тастыкталып, дээрлик көбү айыкты. Үч миңге чукул адам өтүп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус инфекциясы 54 адамдан чыкканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Оору жуктургандар:
Бишкек — 25;
Ош шаары — 2;
Чүй — 9;
Талас — 2;
Ысык-Көл — 6;
Жалал-Абад — 10.
Пандемиядан бери 200 175 кыргызстандык илдетке кабылды.
Тилекке каршы, ооруну үч адам жеңе албай калды. Каза болгондордун экөө Бишкектен, бирөө Ысык-Көлдөн катталды. Алар ооруга каршы вакцина алган эмес. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2935 кишиге жетти.
Сутка ичинде 207 бейтап айыгып, үйүнө жиберилди. Жалпысынан 193 385 киши сакайган.
Учурда республикадагы стационарда 378 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 177си орточо, 158и оор жана 43ү өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук түрдө 1910 бейтап жардам алууда.
COVID күнүгө 3-4 адамдын өмүрүн алууда. Өлкөдөгү абалга түшүндүрмө