Алматыда кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Алматыда Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын бажы, салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусун талкуулай турган жумушчу топтун биринчи жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
1 / 3

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын кызматташуусун талкуулай турган жумушчу топтун биринчи жыйыны өтүп жатат

2 / 3

Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Алматыда жумушчу сапары менен жүрөт

3 / 3

Жыйындын алкагында тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты

Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун чакыруусу менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Алматыда жумушчу сапары менен жүрөт.
Жыйындын алкагында тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаалды талкуулашты. Анын жыйынтыгында бир катар протоколдорго кол коюлат.
Мындан тышкары, Алматыда Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын бажы, салык кызматтарынын үч тараптуу жолугушуусу өтүп жатат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын 6 күндүк иши соңуна чыкты