UFC 272 турниринин алдында өтчү беттеш 6-мартка караган түнү Лас-Вегас шаарында болот.
"Бир кездеги достор жеке таарынычтарын, пикир келишпестиктерин чечип алуу үчүн рингге чыгышат", — деп айтылат видеодо.
Бир нече жыл мурда Колби менен Хорхе American TopTeam залында бирге машыгып, башка учурларда дагы ынак болуп жүрүшчү. Кийин экөөнүн мамилеси сууп кеткен. Буга Масвидалдын досун "сараң, митаам" деп аташы себеп болгон. Ковингтон жооп катары экөөнүн ортосунда болгон жагымсыз окуяларды эске салган. Ошондон бери алар ит-мышыктай кармашып келе жатат.
Ковингтон соңку ирет беттешке орточо оор салмактагы UFC чемпиону Камар Усман менен чыгып, утулуп калган. Негизи спортчу 16 жолу жеңишке жетип, үч ирет утулган.
Масвидал дагы соңку ирет ушул эле Усман менен октагонго 2021-жылы чыккан. Экинчи раундда Масвидал нокаутка кеткен. Спортчунун куржунунда жалпысынан 35 утуш жана 15 жеңилүү бар.