Аз жерден калды. Поезддин алдынан "суурулуп" чыккан байкердин видеосу

Индиялык байкер жол эрежесин буза коём деп аз жерден катуу ылдамдыкта келе жаткан поезддин алдында кала жаздады.
Sputnik
Indian Express сайтынын жазганына караганда, бул окуя Мумбаи шаарында болгон. Дал ошол учур видеого түшүп калган.
Кадрларда көрүнүп тургандай, темир жолдун үстүнөн өтчү жер автоматтык түрдө иштечү шлагбаум менен тосулган эмес. Ал эми мотоциклдин айдоочусу келе жаткан поезддин алдынан өтүп кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда мотоцикл өчүп калып, айдоочу андан секирип түшүүгө үлгүрөт. Поезд болсо техниканын таш-талканын чыгара талкалап кетет.
Видеонун алдындагы комментарийлерде интернет колдонуучулар каарманды сынга алып, өз өмүрүнө мынчалык шалаакы мамиле кылганына таң калып жатышат.
Тема боюнча:
Аман калды. Инструктордун парапланга илинип калган видеосу