БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо изоляторунда капиталдык ремонт жасалып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Маалыматка караганда, эки кабаттуу имаратта 31 бөлмөдөн тышкары ашкана жана жуунуп-тазалануу жайы бар.
"Учурда ашкана менен жуунуучу жайлары оңдолууда. Ошондой эле камера, коридор, кабылдама жана желдетүү системасы ремонттолмокчу", — деп айтылат билдирүүдө.
Оңдоо иштери апрель айында аяктай турганы кошумчаланды.