Бишкекте автобустун жол акысын 15 сомго көтөрүү сунушталды

Автобустун жол киресин көтөрүүнү "Эко" жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы сунуштады. Учурда ишкана шаардагы тогуз каттамды тейлеп, күнүнө линияга 120-130 автобус чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. "Эко" жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы Бишкекте автобустун жол кире акысын 11 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
"Компания тарифти 11 сомдон 15 сомго чейин көтөрүүнү карап чыгууну өтүнөт. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы "БШКнын транспорт тармагындагы айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому боюнча маселени чечүү мүмкүн болбой жатат", — деген муниципалитет.
Учурда компания шаардагы тогуз каттамды тейлейт. Күнүнө линияга 120-130 автобус чыгат.
Аталган компания жеңилдетилген категориядагы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн субсидия төлөө маселесин көтөрүүдө. Мэрия акча каражатын электрондук билет системасынын валидаторлору орнотулгандан кийин гана төлөөгө даяр.

Учурдагы тариф

Бишкек шаарында 1-ноябрдан тарта коомдук транспорттогу жол кире кымбаттаган.
Маршруткаларда баа 15 сом болсо (мурда 10 сом эле), ал эми автобус, троллейбустардыкы 11 сомго (8 сом болчу) чейин көтөрүлгөн.
Пенсионерлер үчүн маршруткаларда мурдагыдай 50 пайыз жеңилдик каралган. Тагыраагы, эртең менен саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин маршруткалар пенсионерлерден 8 сом алат. Ал эми троллейбус, автобустарда пенсиялык күбөлүгү барлар акысыз жүрө алышат. Эгер андай күбөлүк болбосо, башка жүргүнчүлөр сыяктуу 11 сомдон төлөшөт.
Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик каралган эмес, 15 сом төлөшөт. Болгону жети жашка чейинки бөбөктөрдөн жол кире алынбайт. Эгер ата-эне коомдук транспортко эки баласы менен түшсө, бирөө үчүн бир адамдын акысын төлөйт.
Садыр Жапаров ата мекендик "Белес" автобусун айдап көрдү. Видео, сүрөт