Министр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат

Министрдин айтымында, учурда Кыргызстанда 21 медициналык окуу жай бар. Анын ичинен төртөө гана талапка жооп берет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат.
Ал Sputnik агенттигине берген комментарийинде өлкөдө ак халатчандарды даярдаган үч мамлекеттик окуу жай бар экенин эске салды. Алар: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Россия Славян университети жана ОшМу. Акыркы экөөндө медициналык факультеттер бар.
"Акчалууларга тиешелүү жеке окуу жайлар иштеп жатат. Алар жоюлуп, студенттери башка окуу жайларга которулат. Орун баарына жетет. 1-сентябрга чейин бардык окуу жайларды оптимизациялап бүтөбүз деп үмүттөнөм", — деди министр.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 21 медициналык окуу жай болсо, төртөө гана талапка жооп берет.
Пресс-борбор
Гуманитардык окуу жайлардын медициналык факультет ачуусуна эмне себеп болгон
Сабырбек Жумабеков: президент мага жана кесиптештериме куугунтук болбойт деди