Баткенде прокуратура он жетим балага жер тилкелерин бөлүп берди

Прокуратура мыйзам боюнча жетимдерге жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкеси кезеги жок берилерин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Баткенде прокуратура ата-энесиз калган балага жер тилкелерин берди. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органы кабарлады.
Прокуратура өлкө мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкелери кезеги жок бериле турганын белгиледи.
Анын алкагында Баткен облустук прокуратурасы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына сунуш берген. Натыйжада Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтүндөгү үч балага, Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү эки балага жана Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү беш балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилген.
Ошондой эле "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан укуктук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалганы кошумчаланды.
Маевка айылында 25 млн. сомдук 5,8 гектар жер мамлекетке кайтарылды