Радио

Кубанычбеков: Ысык-Көлдө жейрендер үчүн питомник уюштурулду

"Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков Ысык-Көлдө 50 сотых жерге питомник уюштурулуп, Өзбекстандан жейрендер алып келингенин маалымдады.
Sputnik
Кыргызстанга 15 жейрен алып келинди. Саны 50гө жеткенде жаратылышка коё берилет. Бул тууралуу Заирбек Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жейрендердин жаратылышта жашап кетишине антропогендик жагдайлар гана терс таасирин тийгизиши ыктымал.
"Өлкөгө жейрендерди алып келүү идеясы көп жылдардан бери көтөрүлүп келген. Буга чейин Казакстандан алып келүү пландар бар эле, бирок ишке ашпай калды. Ошондуктан былтыр Өзбекстандан беш эркек, 10 ургаачы, жалпы 15 баш жейрен алып келинди. Дүйнөдө жаныбарларды кайра жандандыруу тажрыйбасы көп колдонулат. Алгач ошолорду изилдеп даярдык көрүлдү. Жыйынтыгында автоунаа менен алып келинди. Адистер жолду катар жаныбарларга көзөмөл жүргүзүп турду. Питомникке жайгаштырылып, климатка адаптациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда адистер жемин берип, жейрендерди изилдеп, мониторинг жасап жатышат. Негизи жейрендер бир-эки жаштан тарта төлдөй баштайт. Биринчи жылы бирден, кийинки жылдары экиден улак тууган учурлар болот. Эл аралык уюмдардын көмөгү менен Ысык-Көлдө 50 сотых жерге питомник уюштурулган. Аны кеңейтүү боюнча ойлор бар. Жейрендер топтошуп жүргөн жаныбар болгондуктан, алардын санын 40тан ашырып 50гө жеткирип анан жаратылышка коё берсек, жашап кете алат. Ошондуктан кан аралаштыруу максатында башка жейрендерди алып келип кошуп, 50дөн ашкандан кийин коё берилет. Андан ары жагы адамдардан көз каранды болот. Себеби бул жаныбар жырткычтарга, тактап айтканда, карышкырга жеткирбейт", — деди Кубанычбеков.
Ошондой эле ал учурда туристтер жейрендерди питомниктен көрө аларын кошумчалады.