Токмулин Рафаэл Мубаракович — өмүр баяны

Рафаэл Токмулин 1967-жылы 4-майда Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында (азыркы Каракол) туулган. Жогорку билимдүү.
Sputnik
Билими:
1993-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун "дарылоо" адистиги боюнча бүтүргөн;
1996-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган;
2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн;
Эмгек жолу:
1985-1987 ― Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин көп жыл уролог, онколог, терапевт, хирург болуп иштеген;
Учурда Бишкек шаарындагы №12 үй-бүлөлүк медициналык борбордо дарыгер.