Радио

Маматова: скульпторлор мамлекеттин көмөгүнө муктаж

Скульптор Тамила Маматова мамлекет жаш сүрөтчү, скульпторлорго көңүл буруп, устакана түзүп берсе жылыш болорун айтты.
Sputnik
Пандемиядан кийин музейге барган жаштар көбөйүп, скульпторлордун эмгегине баа берип, пикири менен бөлүшкөндөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу Тамила Маматова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда скульпторлордун иши көбүнесе реализмге багытталгандыктан, чет өлкөлүктөр үчүн кызыгуу жаратпайт.
"Совет мезгилинде Сүрөтчүлөр союзуна жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, көп таланттуу чеберлер чыгып, алардын эмгектери кызуу талкуу жаратып турган. Азыркы күнгө салыштырмалуу сапаттуу эмгектер жасалган. Мисалы, учурда республикалык конкурстарда калыстар тобуна таптакыр искусствого тиешеси жок адамдар кирип жатат. Ошондуктан көркөм кеңештин ишин жакшыртса, туура тандоо жүрүп, жакшы эмгектер иргелет эле. Пандемиядан кийин музейге барган жаштардын саны өсүп калды. Пикири менен бөлүшүп, кээ бирлери туура сын айтып жатат. Скульпторлор бүгүн ар бири жеке дымагы менен үйүнүн бир бурчунда иштеп, аракетин көрүп келет. Эгер мамлекет жок дегенде жаш сүрөтчү, скульпторлорго устакана маселесин чечип берсе жакшы жылыш болмок", — деди Маматова.
Ошондой эле адис кыргыздын этностилдеги скульптуралык эмгектери чет өлкөдө бааланып, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратарын кошумчалады.