Садыр Жапаров ата мекендик "Белес" автобусун айдап көрдү. Видео, сүрөт

Жапаров кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканадан алгач 10 автобус сатып аларын айтты.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды куроо менен алектенген Белес.kg ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Белес.kg ишканасы SAE (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодуна ээ болгон. Бул нерсе өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачат.
1 / 8

Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды куроо менен алектенген Белес.kg ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 8

Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Белес.kg ишканасы SAE (АКШ) автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодуна ээ болгон

3 / 8

Бул нерсе өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачат

4 / 8

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлгөн

5 / 8

Экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кийинки үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечкен

6 / 8

Beles.kg ишканасынын өкүлдөрүнүн айтымында, долбоор ички жана тышкы рынокко багытталган

7 / 8

Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканадан алгач 10 автобус сатып аларын айткан

8 / 8

Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда завод менен туруктуу негизде кызматташуу маселеси каралат.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлгөн.
"Автобусту кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан транспортту ата мекендик продукция деп атоого болот. Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады. Жакынкы күндөрү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кийинки үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечкен.
Beles.kg ишканасынын өкүлдөрүнүн айтымында, долбоор ички жана тышкы рынокко багытталган.
"Биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көрдү. Ал жүргүнчүлөр үчүн сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча бардык заманбап талаптарга жооп берген ишенимдүү автобустарды чыгаруу маанилүү экенин белгиледи. Мамлекет башчысы мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү бир катар социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечерин кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканадан алгач 10 автобус сатып аларын айткан. Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда завод менен туруктуу негизде кызматташуу маселеси каралат.