Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусун кыдырат

Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө аймактын өнөр жай ишканаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын жүрүшүндө президент аймактын өнөр жай ишканаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Ошондой эле Жапаров жолдордун курулушунун жүрүшүн да көрөрү күтүлүүдө.
Жапаров улуттук коопсуздук, чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү