"Жарандардын пенсиялык фондго акча которуусунда теңсиздик бар. Мисалы, кичинекей күркөлөрдө соода кылгандар ишкерлигинин түрүнө жараша ай сайын Социалдык фондго 350 же 700 сомдон которушат. Ал эми ушул эле учурда айына 20 000 алган мугалим 5000 сомдон ашуунун болочоктогу пенсиясынын эсебине которууда. Болбосо ошол эле дыйкандар которгон акча пенсиялык фонддун бир пайызга жетпеген каражатын түзгөнү менен, пенсиялык төлөмдүн 40 пайыздайы дал ушул фермерлерге төлөнүп берилет. Албетте, келечекте алуучу пенсиясы үчүн аз акча которсо кийин пенсияга да аз өлчөмдөгү каражатка чыгат. Бирок аз алган пенсионерлерге көбүрөөк каражат кошуу, көбүрөөк алгандарын азыраак суммага көтөрүү саясатынын негизинде теңсиздик жаралып жатат. Элде пенсияга аз акча которсом деле кийин мамлекет көбөйтөт деген түшүнүк калыптанып калган. Бул жеке ишкерликтин көмүскөгө кетүүсүн шарттап жатат. Ошондуктан биз аз каражат которгондорду юридикалык жактардын кызматкерлерине теңдешибиз керек. Ошону менен катар эле тоолуу райондордо жашап, үч же андан көп баланы тарбиялап чоңойткон аялдар 45 жаштан пенсияга чыгуу укугу бар. Ал эми башка аймактарда аялдар 58 жаштан чыгат. Ушул жаш куракты да жылына алты айдан кошуп отуруп узартууну мерчемдөөдөбүз", — деди Абжапаров.