Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын 6 күндүк иши соңуна чыкты

Кийинки талкуу Тажикстандын аймагында өтө турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун алты күндүк иши бүгүн соңуна чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Эске салсак, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 10-15-февраль аралыгында жүргүзүлдү. Бүгүн, 15-февралда, кезектеги соңку жыйыны өттү.
"Бүгүн Баткенде жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясы тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстандын аймагында өтө турган келерки жолугушууда улантууну макулдашты", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү белгиленди.
Өкмөт: Кыргызстан менен Тажикстан чек ара көйгөйүн үчүнчү тарапсыз чечет