БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 2022-2024-жылдары Кыргызстан 43,6 миллиард сомго бааланган мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу республиканын бекитилген бюджетинде айтылды.
Чыгаруу планы төмөнкүчө:
2022 — 15 миллиард 618,6 миллион (былтыркы жылга салыштырмалуу 218,6 миллион сомго көп);
2023 — 14 миллиард сом;
2024 — 14 миллиард сом.
Мунун ичинен 1 миллиард 50 миллион сомуна мамлекеттик казыналык векселдерди чыгаруу пландалууда. Алардын айлануу мөөнөтү бир жыл. Калган суммага эки жылдан 10 жылга чейин жарактуу болуп эсептелген мамлекеттик казыналык облигациялар басылат.
Бул баалуу кагаздарды чыгаруунун максаты — баалуу кагаздар рыногун калыптандыруу жана экономикалык реформаларды жүргүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү жана социалдык коргоо үчүн калктын каражатын тартуу. Аны финансылык мекемелер жана банктар аркылуу жөнөкөй жарандар сатып алса болот.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын кеңири тараган түрлөрү — мамлекеттик казыналык векселдер, мамлекеттик казыналык облигациялар жана Кыргызстандын Улуттук банкынын ноталары.