Кыргызстандагы COVID: эки бейтап көз жумуп, 55 адам ооруп калды

Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 428 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 46 кишинин абалы өтө оор.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19 инфекциясы 55 адамдан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 23;
Чүй — 19;
Ош — 1;
Талас — 2;
Ысык-Көл — 2;
Жалал-Абад — 4;
Баткен — 4.
Баш-аягы пандемиядан бери 200 121 адамдан оору табылды.
Тилекке каршы, өткөн суткада илдеттен эки киши көз жумду. Коронавирус инфекциясы ушуну менен 2 932 адамдын өмүрүн алды.
Акыркы сутка ичинде 207 киши айыгып, үйүнө чыккан. Жалпы айыккандардын саны 193 178 болду.
Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 428 бейтап дарыланууда. Алардын 198си орточо, 183ү оор жана 46сы өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 2018 бейтап бар.
COVID күнүгө 3-4 адамдын өмүрүн алууда. Өлкөдөгү абалга түшүндүрмө