БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бардык кош бойлуу аялдарга мамлекеттик кепилдик программасы боюнча медициналык жактан амбулатордук деңгээлде акысыз тейленет. Бул тууралуу ММКФ билдирди.
Бекер көрсөтүлө турган кызматтар:
Дарыгердин кабыл алуусу жана кеп-кеңеши (акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгер, тиешелүү адистер). Кош бойлуулук боюнча карталарды ачуу, төрөгөнчө карап көзөмөлдөп туруу;
Дарыгердин багыттамасы боюнча анализдерди алуу:
кан жана зааранын жалпы анализи;
кандан жана заарадан канттын көлөмүн аныктоо;
кандан холестеринди аныктоо;
кандан гемоглобинди аныктоо (кант диабети барларга жылына бир жолу);
заарадан бактериурияны текшерүү (биринчи триместрде);
мазок алуу;
какырыктын анализи;
электрокардиограмма.
Дарылоо:
Медициналык ыкчам жардам көрсөтүү;
Медикаменттер менен дарылоону аныктап, жазып берүү;
иммобилизация;
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу/ Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун процедура кабинетинен дарыгердин дайындоосу менен ийне саюу иштерин жасоо (тамчылатып дары куюудан башка).
Кош бойлуу аялдарга (иштебегендерге) Медициналык милдеттүү камсыздандыруунун полиси акысыз берилет. Бул алардын аталган система менен камсыздалганын тастыктап, дары-дармектерди 50 пайыз жеңилдик менен алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын ичинде кош бойлуулар үчүн керектүү препараттар бар.
Кандайдыр бир суроолор жаралса Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 113 номерине саат 9:00дөн 18:00гө чейин чалса болот.