Кадрлар казакстандык блогер Азамат Сарсенбаевге тиешелүү. Ал жыл сайын аталган куштардын Казакстанга кантип келгендигин жана кайда жайгашкандыгын тартып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап келет.
Бул сапар видео асманда топтошуп учуп бара жаткан фламинголордун үстүнөн, сууда жүргөн учурунда капталынан тартылган. Жаныбарлар дронго көнүп калгандай, коркпой-үркпөй, ал тургай капарына албай басып жүрүшөт.
Андан сырткары, блогер дагы бир видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн. Анда жалгыз фламингонун карда бир буттап турганын көрүүгө болот. Алдына интернет колдонуучулар суктанган пикирлерин калтырып, кээ бирлери "кудум моделдей болуп түшүптүр" деп тамашалашкан.
Анткен менен видеонун автору жалпысынан бул жаныбарларга аралыктан туруп алып суктанууга инфраструктура, тиешелүү аянтчалар да курулбагандыгын билдирген эле.
Блогер канаттууларды чочутпаш үчүн кадрларды мини-дрон менен тарткандыгын кошумчалаган.