БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир аял көз жумуп, төрт киши жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша кечээ, 14-февралда, саат 22:34төр чамасында Ноогардан айылы аркылуу өткөн Ош ― Баткен ― Исфана жолунда болгон. Анда Audi жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
Жерине төрт куткаруучу тартылып, окуя болгон жерде каза болгон 67 жаштагы аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.