Исираилова Анара Үсөнбековна — өмүр баяны

Анара Исираилова 1976-жылы 1-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1998-2003 ― Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияда информатика сабагынан мугалим;
2002-2006 ― Бишкектеги "Давха" орто мектебинде информатика сабагынан мугалим;
2007-2009 ― Москвадагы "Дикая орхидея" ишканасында жумушчу;
2009-2015 ― Москвадагы "Новый диск" компаниясында оператор.