Гапаров Адылбек Абдикаримович — өмүр баяны

Адылбек Гапаров 1983-жылы 12-сентябрда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. 2005-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин "дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча бүтүргөн. 2007-жылы "юриспруденция" адистиги боюнча экинчи жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек жолу:
2005-2008 ― Казакстандагы Wimpex компаниясынын жетекчиси;
2008-2011 ― Финансы полициясында ыкчам кызматкер;
2011-2017 ― жеке ишкер;
2017-2021 ― Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүндө ыкчам кызматкер;
2021-жылдан тартып ишкерлик менен алектенип келет.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.