Бишкекте Афганистанда курман болгон советтик аскерлер эскерилди. Сүрөт

15-февралда шериктеш мамлекеттер советтик армиянын интернационалдык милдетин аткарып, Афганистанда каза болгон жоокерлерин эскеришет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бүгүн, 15-февралда, "Ата-Түрк" паркында Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 33 жылдыгына карата эскерүү-митинги болду.
Иш-чара афганчы жоокерлерге тургузулган эстеликтин жанында өттү.
Белгилей кетсек, жыл сайын 15-февралда шериктеш мамлекеттер советтик армиянын интернационалдык милдетин аткарып жүрүп Афганистанда каза болгон жоокерлерин эскеришет.
1 / 6

Бүгүн, 15-февралда, "Ата-Түрк" паркында Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 33 жылдыгына карата эскерүү-митинги болду

2 / 6

Иш-чара афганчы жоокерлерге тургузулган эстеликтин жанында өттү

3 / 6

Белгилей кетсек, жыл сайын 15-февралда шериктеш мамлекеттер советтик армиянын интернационалдык милдетин аткарып жүрүп Афганистанда каза болгон жоокерлерин эскеришет

4 / 6

1989-жылы 15-февралда советтик аскерлерди Афганистандан толугу менен алып чыгып кетишкен

5 / 6

Согуш тарыхый маалыматтарда 1979-жылы 25-декабрда башталды деп эсептелип келет

6 / 6

Советтик аскерлердин чектелген контингенти жана Афганистандын өкмөтү афган моджахеддерден куралган бандалык топтор (душмандар) менен салгылашкан

1989-жылы 15-февралда советтик аскерлерди Афганистандан толугу менен алып чыгып кетишкен. Согуш тарыхый маалыматтарда 1979-жылы 25-декабрда башталды деп эсептелип келет. Советтик аскерлердин чектелген контингенти жана Афганистандын өкмөтү афган моджахеддерден куралган бандалык топтор (душмандар) менен салгылашкан.
Афган согушунда советтик армия 14 427 жоокерин жоготкон. Кыргызстандан 7142 жоокер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 249у согушта курман болгон. 585 жоокер ар кандай деңгээлдеги оор жаракаттарды алып, майып болуп кайтышкан.
Афган согушунун себептери жана кесепети тууралуу Sputnik даярдаган материалдан кенен окууга болот.
Афганистан ... алып калган жоокерлер