Радио

Саманчиев: быйыл 20 лифт алмаштырылат, акча бөлүндү

"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев аталган мекеменин карамагындагы лифтилердин 89 пайызы алмаштырууга муктаж экенин айтты.
Sputnik
2009-жылы "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы түзүлгөндөн бери 145 лифт жаңысына алмаштырылып, 54 лифт капиталдык ремонттон өткөн. Ал эми 2021-жылы 20 лифт жаңыртылды. Эми жыл сайын 20дан лифт алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Майрамбек Саманчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги эски үйлөргө Россия, Беларусь, Самаркандда өндүрүлгөн лифтилер алып келинет.
"Борбор калаадагы көп кабаттуу имарат, үйлөрдө 2000ден ашык лифт иштейт. Ал эми "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндө 1007 лифт (659 лифт муниципалдык реестрде), калганы жеке ишканалардын карамагында турат. Учурда Бишкек шаарындагы 25 жылдан бери иштеп жаткан 590 лифтини алмаштыруу зарыл. Ага жалпы 750 миллион сом керектелет. Муниципалдык ишкана союз мезгилинен калган лифтилерди карайт. Анын эң эскиси жок эле дегенде 50 жылдан бери иштеп келе жатат. Быйыл 20сын которууга каражат бөлүндү. Булардын көбү 7-микрорайондогу үйлөрдө", — деди Саманчиев.
Ал азыркы мезгилде "Могилевлифт" ачык акционердик коому менен кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр болуп жатканын, келечекте жакшы чечим болоруна үмүттөнөрүн кошумчалады.