Президент Чүйгө курула турган эки автожолдун долбоору менен таанышты

Кечээ Транспорт жана коммуникация министрлиги Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунун долбоорун презентациялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Чүй облусуна иш сапары менен барган Садыр Жапаров Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Чүй облусуна иш сапары менен барган Садыр Жапаров Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору менен таанышты

2 / 4

Долбоордо автожол кеңейтилип, ага жол кесилиштери, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулмакчы

3 / 4

Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү төрт тилкелүү болуп, ортосу темир бетон менен бөлүнөт.

4 / 4

Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда.

Долбоордо автожол кеңейтилип, ага жол кесилиштери, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулмакчы.
"Айланма жолдун узундугу 34 чакырым. Негизги бөлүгү төрт тилкелүү болуп, ортосу темир бетон менен бөлүнөт. Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоого инвесторлорду тартуу пландалууда", ― деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров ошондой эле Профсоюз көчөсүндөгү жол куруу долбоору менен таанышкан. Жолду куруу толугу менен бюджеттен каржыланары пландалууда. Узундугу 8,5 чакырымды түзгөн бул жол Бишкек ― Кара-Балта унаа жолуна альтернатива болуп, аны жеңилдетери айтылды.
Кечээ Транспорт жана коммуникация министрлиги Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунун долбоорун презентациялаган.
Президент Бишкек — Кара-Балта жолун жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды