Туура багытта баратат. Жапаров Байсаловдун жоруктарына баа берди

Өкмөт башчы келечекте Байсаловдон республикалык деңгээлдеги жетекчи чыгарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орун басары Эдил Байсаловдун аракеттерине баа берди.
Ал келечекте республикалык деңгээлдеги жетекчи болорун айтып, бирок эмоциясын кармоону үйрөнүшү керектигин белгиледи.
"Мен анын (Эдил Байсалов — ред.) потенциалы аябай жогору деп ойлойм. Эмоциясын башкарганды үйрөнөт деп үмүт артам. Албетте, бейөкмөт уюмдарда иштеген көп жылдык тажрыйбасы таасир этпей койбойт экен. Туура багытта бара жатат. Эгер ага убакыт берсек, эмоциясын башкарууну үйрөнөт", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Байсаловдун көп тармактар боюнча колдоосун сезип жатканын кошумчалады.
Депутат Шакиев: Байсалов бизге акыл үйрөтүп, балакай баатыр болбосун. Видео