Жапаров: баа дагы өсөт, андыктан маянаны көбөйтөбүз

Өкмөт башчы дүйнөнү каптаган инфляция Кыргызстанга дагы келерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстанда баалар дагы да өсөт, андыктан биз пенсия, жөлөк пул жана маянаны кескин жогорулатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
"Кечээ АКШда инфляциянын деңгээли 7,8 пайызга жеткенин окудум. Болбосо алар 2 пайыз болорун күтүп жатышкан. Андыктан бизде дагы инфляция болот, баанын өсүшү дүйнө боюнча токтобойт. Кыргызстан жашоого керектүү товарлардын 67 пайызын импорттойт. Демек, инфляция дагы импорттолот. Бул жерде биз эч нерсе кыла албайбыз. Андыктан элдин байгерчилигин жогорулатышыбыз керек. Биз паровоздун алдында чуркоого аргасызбыз. Өзүбүз инфляция жаратпагандай болуп, мүмкүн болбогон нерселердин да ыңгайын таап экономикалык өсүштөрдү жасоого аракет кылабыз", — деди Жапаров.
Анын айтымында, 1-апрелден тарта мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, биринчи кезекте дарыгер, мугалим, маданият ишмерлеринин айлыгы көбөйтүлөт.
Жапаров: "Асман" шаарын беш жылда куруп бүтүшүбүз керек