Жолдошова Назгүл Амантуровна — өмүр баяны

Назгүл Жолдошова 1986-жылы 19-июлда туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-Россия Славян университетин "саясат таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Sputnik
Эмгек жолу:
2008-2009 ― London school in Bishkek мектебинде англис тилинен мугалим;
2012, май-август — DAI өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы колдоосу менен сунушталган "КР жаранынын паспорту" мыйзам долбоорунун консультанты;
2013-2014 ― ЕККУнун Бишкектеги программалык борборунун жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңешинин "Мектеп парламентинин модели" долбоорунун координатору, көз карандысыз эксперт, консультант;
2016-2017 ― Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитетинин "Ош шаарынын жаштар парламенти" долбоорунда көз карандысыз эксперт, консультант;
2011-2021 ― "Жарандык идеялар фонду" коомдук фондунун директору;
2011-2021 ― Кыргызстандын жаштар парламентинин негиздөөчүсү жана жетекчиси;
2021-жылдын июль айынан тарта БУУнун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн эксперти (КР "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" мыйзамын талдоочу).