Тамакты көпкө чайнабай жегендиктен балдардын жаагы жакшы калыптанбай, тиштер кыйшык өсүүдө. Бул тууралуу Нуржан Кыдыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы мезгилде балдардын тиш оорусу көбөйө баштады.
"Тамакты көпкө чайнап жебегендиктен балдардын жаагы жакшы калыптанбай, тиш кыйшык өсүүдө. Мындай көйгөй акыркы мезгилде абдан күч алды. Балдар тамакты чайнап жеши керек. Ата-энелер балдарын ортодонтко убагында көрсөтүп турса, чоңойгондо оору аз болот. Ортодонттун иши 3-5 жылда өз натыйжасын берет. Тажрыйбасы мол, мыкты дарыгер менен кызматташып, көп убакыт байланышта болуп туруу сунушталат", — деди Кыдыкбаева.
Ошондой эле адис тишти эртең менен тамактануудан кийин гана жууш керектигин кошумчалады.