Түндүк — Түштүк жолунда иштеп жаткан үч жумушчуну көчкү басып калды. Сүрөт

Учурда көчкү алдында калган бир кыргызстандык жана эки кытай жараны изделип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Казарман — Жалал-Абад тилкесинде кар көчкү түшүп, үч жумушчуну басып калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
1 / 2

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Казарман — Жалал-Абад тилкесинде кар көчкү түшүп, үч жумушчуну басып калды

2 / 2

Алдын ала маалымат боюнча, окуя бүгүн, 14-февралда, болжол менен саат 13:20 чамасында болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя бүгүн, 14-февралда, болжол менен саат 13:20 чамасында болгон.
Балыкчы — Казарман жолунун 334-чакырымында Көк-Арт участогунда иштеп жаткан China Road компаниясынын жумушчулары бир жүктөгүч, экскаватор, "Нива" менен тоннелден Казарманды карай жолду тазалап жаткан учурда кар көчкү жүргөн. Унаалардын ичинде айдоочулар гана болгону айтылды.
Учурда көчкү алдында калган бир кыргызстандык жана эки кытай жараны изделип жатат. Баары подрядчы компаниянын жумушчулары экени айтылды.
Көчкү басып калган эки киши. Чаткалда болгон каргаша видеого түшүп калган