Кар жаап, катуу суук болот. Шашылыш билдирүү

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жер-жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бүгүн, эртең Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күндүз жана шейшембиге караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. 15-февралда күндүз айрым гана жерлерде мезгил-мезгили менен кар түшөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
15-18-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7, Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус болору күтүлүүдө.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Ошондой эле жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана алар аркылуу өткөн унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү божомолдонууда. Жолдо жүрүүдө бардык коопсуздук эрежелери сакталып, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Катуу суук эми келеби? Бир жумага карата аба ырайы