Маматкулов Нурланбек Жолошович — өмүр баяны

Sputnik
Нурланбек Маматкулов 1974-жылы 9-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Саламалик айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
Маматкулов түрк ишкерлери менен биргеликте Naturel PVC пластикалык терезе чыгаруучу ишкана ачкан. Андан кийин "Вейс" жана "Интер Пласт Лайн" ЖЧКларын негиздеген. 2015-жылдан тартып курулуш тармагында ишкерлик менен алектенип, Asia Project Group компаниясын түптөгөн.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.