Январь айында ИДПнын көлөмү өстү. Кайсы тармактар алдыда

ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүүчү тармагынан камсыздалды. Тагыраагы, ал төрт пайызга жогорулады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) январь айында 37 миллиард сомду түзүп, 2021-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу бир пайызга жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми Кумтөр кенинин өндүрүшүн эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 35 миллиард сом болуп 1,1 пайызга өскөн.
ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүү тармагынан камсыздалды. Тагыраагы, ал төрт пайызга өсүп, анткен менен өндүрүш тармагы үч пайызга төмөндөгөн.
Дал ушул эки тармак ички дүң продукциясынын эң чоң көлөмүн түзөт. Тагыраагы, кызмат көрсөтүү — 50,4 пайыз, өндүрүш — 36 пайыз.
Ошондой эле Статком өткөн жылы Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 20,1 пайызга азайып, импорт, тескерисинче, 43,9 пайызга жогорулаганы маалым болду.
Кыргызстанда седан кузовундагы автоунаалардын айрымдары кымбаттады. Инфографика