Куруучулар жумуш үстүндө кырсыкка кабылса, дароо сүрөт, видеого тартып кырсыкты каттап коюшу керек. Бул ошол адамдын укугун коргоодо жардам берет. Мындай пикирин Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, курулуш жүрүп жаткан учурда кырсык болсо, куруучу профсоюзга мүчө болбосо деле кайрыла алат.
"Куруучулардын көбү жумушка кирип жатканда эмгек келишимин түзбөйт. Биринчи кезекте ушул документке көңүл буруу зарыл. Анткени Эмгек кодексине ылайык курулуш жүрүп жаткан учурда куруучу кырсыкка кабылса, компания 20 жыл бою анын алган айлык акысын токтоосуз төлөп берүүгө милдеттендирилет. Бул жерде социалдык фонд жана башка салыктар кармалбай, толугу менен каза болгон куруучунун үй-бүлөсүнө берилет. Ден соолугунан оор жаракат алып калган учурда деле бул мыйзам иштейт. Болгону эмгек келишими болушу шарт. Эгер жумушка орношуп жатканда келишим түзүлбөсө, анда жок дегенде кырсык болгон учурда дароо видео, сүрөткө тартып калыш керек. Бул далилдер менен профсоюзга мүчө болбосо деле кайрылса, биз атайын кызматкер бөлүп иштин мыйзам чегинде чечилишине жардам беребиз. Тилекке каршы, бизде иш үстүндө куруучу каза болуп же майыптыкка учурап калган кезде курулуш компаниялары жакындарына 100-500 миң сомдой акча берип эле маселени чечип коюшат. Адамдар мындай кадамга барбай өз укугун коргоого аракеттениши керек", — деди Карачалов.
Ал ошондой эле куруучу иш үстүндө каза болгон учурда балдары мектептен соң ЖОЖго тапшырса, анда компания 23 жашка чейин жөлөк пул төлөөгө милдеттүү экенин кошумчалады.